Ош-Бишкек жолу кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, Бишкек-Ош унаа жолун бир нече жеринен кар басып калды. Министр Бакыт Төрөбаев карды тазалоо иштери менен жеринен таанышуу үчүн жөнөп кетти. Аталган министрлик 11-12-март күндөрү аба ырайыга байланыштуу кар көчкүлөр күчөшү мүмкүн экенин кабарлады. Ошондуктан айдоочуларды жолдо машиналар ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөөнү, өтө зарыл болбосо жолго чыкпай турууну эскертти. (EBM)