Жапонияда жер титиреди

Күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу деңизде, Хонсю деген аралдын жээгинен алыс эмес жерде болгон. Жер силкинүүсү өлкө борбору – Токиодо да сезилди. Зилзаланын ыктымал кесепеттери тууралуу маалымат азырынча түшкөн жок.