Би-Би-Синин уктуруруусу техникалык себептен үзгүлтүккө учурады

Бүгүн “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду Улуттук телерадио корпорацияга кечээ Би-Би-Синин кыргыз кызматынын кечки берүүсү эмне себептен уктурулбай калган себебин сурап кайрылды. Аталган корпорациянын башкы деректиринин орун басары Асел Мамбетова программа техникалык себептен улам угулбай калганын маалымдады. Кечээ Би-Би-Синин кыргыз кызматынын продюссери Аслан Капай уулу белгисиз себептерден улам кечки саат сегиздеги берүүсү чыкпай калганын маалымдаган эле. (EBM)