Элдик курултайдын катышуучуларынын саны өсүүдө

“Азаттыктын” кабарчысынын “Медиа Форумдан” билдирүүсүнө караганда, Элдик курултайга келгендерин саны 5 миңдин тегерегине барып калды. Алардын алдында “Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп жатат. Ал Курманбек Бакиевдин саясатын кескин сынга алып, ага карата жүйөөлөрдү келтирүүдө. Ал ошондой эле Кыргызстан экономикасы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы иштеп жатканын, өлкөдө мафиялык бийлик орногонун, аны таза күрөш менен жеңерибизге ишеничин айтты. (AiT)