Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын диний лидерин акыркы сапарга узатышты

Мухаммадшариф Ниммадзода узак оорудан соң 59 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Ал Ислам кайра жаралуу партиясынын 1991-жылы катталгандан кийинки алгачкы төрагасы болгон. 1992-жылы жарандык согуш башталганда, Бириккен тажик оппозициясынын сүргүндөгү жетекчилеринин катарына кошулган. 1997-жылкы тынчтык келишиминен кийин мекенине кайтып келип, 2000 жана 2005-жылдары парламенттин төмөнкү палатасына Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлү катары шайланган. Ал эми партиянын диний лидерлик вазийпасын мурдагы лидер Саид Абдулло Нури дүйнөдөн өткөндөн кийин 2006 –жылы өткөрүп алган. Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы - диний тамыры бар саясий уюмдардан Борбор Азияда расмий катталган жалгыз партия. Мухаммадшариф Ниммадзоданы Душанбеде бүгүн жерге беришти.