Дүйнөлүк банк жаштарды жолугушууга чакырат

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсеси жаштар үчүн экология жана климаттын өзгөрүшүнө арналган ачык эшик күнүн өткөрөт. Жолугушууга коомдук уюмдардын жаш өкүлдөрү, студенттер чакырылат. Иш-чарада Алматы, Астана, Ташкент, Дүйшөмбү шаарларынын жаштары менен видео талкуу өтөт. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирет. (AiJu)