“Сунтар-Бишкек” компаниясына кылмыш иши козголду

Бул тууралуу Башкы прокурор Нурлан Турсункулов бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, бул фирманын бардык мүлкү жана эсептери көзөмөлгө алынган. “Мындан сырткары анын башка фирмалардан да аласалары бар экен. Азыр ошолорду күтүп жатабыз. Акчасы түшөөр менен жарандардын акчаларын төлөп беребиз, биз да ага өтө кызыктарбыз”, - дейт Н.Турсункулов. Депутат Абдырайим Кулбаев анын жетекчилери фирманы башкаларга каттап, өлкөдөн чыгып кеткенге аракет кылып жатат экен деген маалыматты айтып, башкы прокурорго муну көзөмөлгө алып коюуусун өтүндү.

Кыргызстанда иш алып барып жаткан биргелешкен кыргыз-түрк “Сунтар-Бишкек” курулуш ишканасы 200дөн ашуун жергиликтүү курулушчулардын маянасын бере албай, андагы 95 пайызын жаштар түзгөн курулушчулар иш таштап, акчаларын өндүрүп берүүнү депутаттардан суранышкан эле. (КЕ)