Францияда президент Саркозинин партиясы регионалдык шайлоодо утулду

Алгачкы маалыматтар көргөзгөндөй, француз президенти Николя Саркозинин бийликтеги консервативдүү партиясы добуштардын 36%дайын чогултуп, оппозициячыл социалисттик партия менен анын өнөктөштөрү 56%дан көбүрөөк топтоду. Бул маалымат расмий түрдө бышыкталса, социалисттик блок 2012-жылдагы президенттик шайлоого ишеничтүү чыгаары айтылууда.