Сахалинде шаар жана айыл-кыштактар жарыксыз калды

Орусиянын Сахалин аралында жети шаар жана айыл-кыштактар жарыксыз калышты. Бир нече күндөн бери тынбай жааган кар Сахалиндеги башкы жолдордогу кыймылды бууп, карга тыгылган ондогон машинелердеги 100дөн ашуун адамга куткаруучулар жардам берүүдө.