К. Бакиев: Ынтымак курултайы максатына жетти

Президент Курманбек Бакиев кечээ Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө ушинтип билдирди. Президент өз сөзүндө маанилүү маселелердин ичинде “Манас” эпосунун өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун белгилеп, ал жакында Жогорку Кеңештин кароосуна коюларын маалымдады.
Президент ошондой эле тышкы саясатка этият мамиле жасоого чакырып, Орусиянын айрым маалымдоо каражаттарында таратылган Кыргызстан жөнүндөгү маалыматтарды ортого от жагуу катары баалап, Кыргызстан менен Орусия стратегиялык, өнөктөштүк, тең ата мамиледе экенин белгиледи.
Ошондой эле президент Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар жеке кызыкчылыктан менчиктештирилип атат деген пикирлерди төгүндөп, менчиктелмейинче жоготуулар азайбайт деп эсептеди.
Президенттин айтымында Ыңкылаптын 5 жылдыгына карата мунапыс жарыяланмакчы жана анын жоболоруна туура келсе Исмаил Исаковду түрмөдөн бошотуу ыктымалдыгы бар.
Президент ынтымак курултайында калктын муктаждыктары боюнча аракеттер тууралуу маалымат элге жетпей жатат деп, кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматты элге өз убагында жеткирүүнү тиешелүү бийлик жетекчилерине тапшырды.

Булар тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн Ынтымак курултайындагы президент Курманбек Бакиевдин корутунду сөзү боюнча тараткан маалыматта белгиленди.
Ынтымак курултайы 23-24-мартта Бишкекте өтүп, ага 750 делегат, президент, өкмөт башчы, министрлер, тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты. (BuS)