Баш прокуратура “Мунапыс жөнүндө” мыйзам даярдоодо

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдиргенине караганда “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоору президенттин кароосуна жибериле элек. Учурда долбоорду ыкчам даярдап бүтүү аракеттери көрүлүп жатат.
Кечээ Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө Башкы прокурор Нурлан Турсункулов ыңкылаптын 5 жылдыгына байланыштуу “Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалып жатат жана ал жакын аралыкта президенттин кароосуна берилет деп билдирген болчу.
Ыңкылаптын катышуучуларынын бири Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылып камакта отурат. Аны бошотууга таасир этүүнү сурагандар Ынтымак курултайында арбын катталды. Президент Курманбек Бакиев өзү болсо даярдалып жаткан мыйзам жол берсе Исаоквдун бошотулушуна каршы эместигин билдирген.
Айрым укук коргоочулар ыңкылапчылардын катарына Петровка жаңжалы боюнча камакта отургандарды да кошууда. (BuS)