Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча иш апрель айында улантылат

Бул тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов Жогорку Кеңеште билдирди. Ал ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча иш беш жылдан бери токтоп калганын, өткөн жылы кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиянын отурумунда бул ишти быйыл 15-апрелде улантуу макулдашылганын белгиледи. (AJ)