Бийик тоолуу аймактарда электр кубатына төлөм 50% арзандатылат

Бул тууралуу премьер-министр Данияр Үсөнов Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун берип жатканда билдирди. Анын айтымында, 1-январдан баштап бийик тоолуу аймактарда жашагандардын электр кубатына төлөмдөрү 50 пайызга арзандатылып, бул маселени чечүү тиешелүү мекемелерге тапшырылган. Ошондой эле бийик тоолуу аймактардын мектептеринде окуган 1-класстан 4-класска чейинки балдардын түшкү тамагына 7 сомдон каралып келсе, эми 50 пайыз кошулуп жалпысынан он сом болорун, бийик тоолуу аймактар боюнча Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, ага 773 айыл киргизилгендигин белгилеп, алыскы жана аба-ырайынын шарттары татаал дагы 200дөн ашуун айыл боюнча парламенттин мыйзам алып берүүсүн өтүндү.

Айлык маселесине токтолгон өкмөт башчы орточо айлык 250 доллардан кем болбостугу үч жылдык программага киргизилгендигин билдирди. (AJ)