Дубай: Сот британиялык түгөйлөрдүн арызын канааттандырбады

Дубайдын аппеляциялык соту британиялык эрди-катындын доо арызын карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Райондук сот былтыр ноябрда британ түгөйлөрдү көчөдө жүрүп өбүшкөнү үчүн бир айга абакка кесип, 300 доллардай айып пулга жыккан.