Багдаддагы жардыруудан 30 киши курман болду

Багдаддын ортосунда катуу үч жардыруу болуп, кеминде 30 киши курман болду. Жарадарлардын саны 100гө жетет.

Шаар өкмөтүнүн өкүлү, генерал-майор Касым Муссавинин билдиришинче, бир бомба бир нече элчиканалар жайгашкан жерде жарылган. Иран элчиси бомба элчиликке багытталды деп айта албасын жана элчиликке чоң эмес зыян келтирилгенин маалымдады.