Кыргызстанда күйүүчү майга баа көтөрүлөт

Орусия Кыргызстанга жөнөтүлүп жаткан мунайзат продуктыларынын бир тоннасына 1-апрелден тарта 193,5 доллар өлчөмүндө жаңы бажы төлөмүн киргизди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетов кабарлады. Анын айтымында, бул - Орусия, Беларус, Казакстандын ушул жылдан тарта иштей баштаган Бажы союзунун алкагында тышкы сооданы жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан практикалык чаралардын бири. Базарбай Мамбетов белгилегендей, Кыргызстан күйүүчү майдын 96%ын Орусиядан ташып келет. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсебине караганда, өлкөгө Орусиянын жаңы бажы төлөмү киргенден кийин алынып келинген күйүүчү майдын баасы кеминде 7-8 сомго кымбаттайт. Маселен азыр бензиндин бир литринин баасы маркасына жараша 27-30 сомдун тегерегинде.