ИИМ: Таласта облустук акимчилик басып алынган жок

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн тараткан маалыматта айтылат. Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, баш-аламан топ, кээ бирөөлөрү мас абалда, облустук акимияттын имараттын ичине кирип, андан кийин чыгып кетишти. Азыркы мезгилде тартип коргоо органдары, бийлик өкүлдөрү эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тартип коргоо органдары тартип жана туруктуулукту камсыз кылууга аракеттенүүдө.(AiT)