Пакистан парламентарийлери президенттин укугун чектешти

Пакистандын улуттук ассамблеясы Конституцияга түзөтүү киргизип, президенттин бийлик укугун чектеди.  Бир добуштан жакталган чечимге ылайык, мамлекет башчынын айрым укуктары премьер-министрге жана парламентке өтөт.

Парламенттин Төмөнкү палатасынын чечимин эми Сенат колдошу керек. Парламентийлер 1999-жылы генерал Первез Мушарраф уюштурган өкмөттүк төңкөрүштү мыйзамсыз деп тапты.