7-апрелде жабыр тарткандар ооруканадан чыгарылууда

Республикалык ортопедия жана травматология борборунун директору Сабырбек Жумабековдун "Азаттыкка" кабарлаганына ылайык, аталган борборго 7-апрелдеги тополоңдо жабыр тарткан 138 адам түшкөн. Булардын ичинен алты адам оор абалда реанимацияда жатат. Учурда жабыркагандардын бир даары үйлөрүнө айыгып кетип, 211 адам ооруканада дарыланууда. (AiJu)