Гаагада Радован Караджичтин соту кайра башталды

Гаагадагы эл аралык трибуналда Босния сербдеринин мурдакы мурдакы лидери Радован Караджичтин соту кайра уланды. Караджич согуш кылмышкери, адамзатка каршы кылмыш жасады, 1995-жылы Сребреницада 7 миңден ашуун мусулман эркек менен баланы кырууга жооптуу деп, бардыгы 11 иш боюнча күнөөлөнүүдө.