АКШлык аэробус Исландияга мажбур конду

Исландиянын Рейкьявик аэропортунда “American Airlines” компаниясынын “Боинг-767” аэробусу мажбур конду. Учак АКШдан Парижге учуп бараткан. Рейкьявиктин Кефлавик аэропортунун өкүлү Фридзор Фидалдын сөзүнө караганда, аэробус жүргүнчүлөр салондо химиялык заттын жытын сезишкенден кийин чукул конууга аргасыз болгон.