Б.Бешимов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Бакыт Бешимов Кыргызстандын АКШдагы элчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында утурумдук өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов билдирди.

Учурда АКШда жашаган Б.Бешимов - СДПК фракциясынын мурдагы төрагасы. (AiJu)