Пакистан: Жанкечтинин бомба чабуулунан 8 киши набыт болду

Пакистандын түндүк-батышындагы Кветта шаарында жан кечти жардырган бомбадан кеминде 8 киши курман болду. Ырасмий маалыматка караганда, он беш чакты киши жараат алды. Бомба чабуулу шииттер ооруканага бүгүн эртең менен атып өлтүрүлгөн диндешинин жасатын алып кеткени чогулган кезде жасалган.