ЕККУнун учурдагы төрагасы Бишкекке келет

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун учурдагы төрагасы, Казакстандын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Канат Саудабаев шейшембиде Бишкекке келет. Сапардын соңунда маалымат жыйыны өткөрүлмөкчү. 8-апрелде Саудабаев Кыргызстанга атайын өкүлү Жаныбек Карибжановду жөнөткөн. Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун арачылыгы менен 15-апрелде Казакстанга учуп кеткен.