Евробиримдик Кыргызстандын жардамын сунуш кылды

“Кыргызстан эгер демократияны курууга убада кылса, Еврошаркет финансылык жана саясий колдоо көрсөткөнгө даяр”, - деди Биримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон.

"Утурумдук өкмөт кантип демократиялык жол менен конституциялык түзүлүшкө, мыйзам жолуна кайтуунун так планын айтышы керек", - деди Эштон.

Ал Кыргызстанда Баш мыйзам баардык партиялардын, улуттук азчылыктардын катышуусу менен жазылып, анан гана референдумга сунуш этилиши зарылдыгын белгиледи. “Кыргызстандагы кризис чыныгы экономикалык жана социалдык реформалар болушу зарылдыгын көрсөттү”, - деп айтты Эштон. Евробиримдиктин тышкы иштер министринин ишениминде, Кыргызстандагы башаламандык өкмөттүн начар иштегенин, чыныгы реформалар болбогонун далилдеди.