Аламүдүндүктөр БУУнун Бишкектеги үйүнүн жанында пикет өткөрүшөт

Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары БУУнун Бишкектеги үйүнүн, Кыргызстандагы Орусиянын, АКШнын, Беларус, Казакстандын элчиликтеринин жанында пикет өткөрүүнү болжошууда. Алар экс-президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүүнү талап кылып, бул маселени эл аралык деңгээлде карап, аны мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтүүгө чакырышат. Бул тууралуу демилгелүү топтон билдиришти.
19-апрелде “7-апрель” кыймылы Кыргызстандагы Беларус элчилигинин жанында пикет өткөрүп, Беларус бийлигине нота жөнөтүүнү талап кылышып, Кыргызстан эли Александр Лукашенконун мурдагы президент Курманбек Бакиевге саясий баш паанек сунуштаганына каршы экенин билдиришкен. (AJ)