Кытайда бүгүн аза күтүү күнү

Өткөн аптада Цинхай чөлкөмүндө болгон жер титирөө 2 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Бардык мамлекеттик телеканалдар миңдеген аскерлер, расмий адамдар катышкан аза күтүү жөрөлгөсүн көргөзүштү. Расмий маалымтка ылайык, зилзаланын күчү 5 баллдан ашкан.