М.Бакиевдин активдерин тергөө жүрүп жатат

Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министри Темир Сариев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, М.Бакиев каржылык активдерин өзүнө жаздырбай жакын ишенимдүү адамдарынын атына жаздыртып, офшордук аймактан катоодон өткөзүп, ага жетпейт деп 2-3 тепкич коюп койгон. “Бирок бул маселени чечүүгө дүйнөлүк каржы уюмдар, АКШнын казыначылыгындагы атайын орган, Орусиянын каржылык чалгындоо мекемеси жардам бергени жатат. Биз аларга айтып жатабыз бул жактан чыгарылып кеткен акчалар Бакиевдер тарабынан Кыргызстандын ичинде террорчулук актыларга пайдаланышы толук ыктымал деп. Бул маселени БУУнун,Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө дагы айттык”,-дейт Сариев.
Экс-президент К.Бакиев өлкөнүн каржылык иштерин көзөмөлдөөчү Конституцияда жок орган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация борбордук агенттигин түзүп ага кичүү уулу Максим Бакиевди жетекчи кылып дайындаган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевди эл аралык шылуундар менен биргелешип, Кыргызстан Орусиядан алган миллиондогон насыя каражаттарды мыйзамсыз жок кылган делип шектелип, өткөн жумада М. Бакиевге каршы "Кызмат абалынан пайдалануу” жана “Мамлекеттик насыяны максатсыз пайдалануу” деген кылмыш ишин козгогон. (AJ)