УТРК коомдук сыналгы-үналгы болот

Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында. учурда Улуттук телерадиокорпорациясын коомдук сыналгы-үналгыга айландыруу багытында иштер жүргүзүлүп жатат. «Эки-үч жумада документтери иштелип чыгып кабыл алынса, УТРК үч айдын аралыгында коомдук телевидение болуп толук кандуу иштей баштайт»,-деди Текебаев. 2005-жылы март окуясынан кийин УТРКны коомдук сыналгы-үналгы кылып түзүү маселеси оппозиция тарабынан козголуп, К.Бакиевдин бийлигинен колдоо тапкан эмес. (AJ)