Өзбекстан Ошко жиберип жаткан көгүлтүр отундун көлөмүн азайтты

Бул туурасында “Азаттыкка” кабарлаган “Ошгаз” башкармалыгынын жетекчиси Маткалык Аматовдун айтымында, апрелдин экинчи декадасынан тартып “Узтрансгаз” эч кандай эскертүүсүз саат сайын Ош шаарына жана Кара-Суу районуна берилүүчү газдын көлөмүн 500 куб метрге азайтты. Бирок мунун себебин түшүндүргөн жок. Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар нааразылыгын билдирип, шаар башчысына кайрылышты. Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов “Узтрансгаз” менен сүйлөшүү жүргүзүүнү тиешелүү тармакка тапшырды. Анткени менен “Ошгаз” ишканасы маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керектигин айтууда. Айтмакчы, быйыл январь-февраль айларында да оштуктар газсыз калган эле. (ATo)