Талап-тоноо, тополоңдон 165 млн. сомдук зыян болду

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, апрелдеги талап-тоноочулук, тополоңдон 164 млн.беш жүз жетимиш миң сом зыян болгон. Мындай иштер боюнча жүздөн ашык адамга кылмыш иши козголду. Ал эми ушул тапта өлкөдө коомдук-саясий абал тынч. Тартип сакчылары, Коргоо министрлигинин кызматкерлери жана элдик кошуундар ушул тапта Бишкекте тартипти толугу менен көзөмөлгө алды. Түштүк аймактагы абалды турукташтыруу максатында кошумча күчтөр жөнөтүлдү. (AiJu)