"Ливерпуль" жеңди, бирок финалга "Атлетико" чыкты

Ливерпуль шаарынын ”Ливерпуль” командасы Мадриддин  “Атлетико” футбол командасын 2:1 эсебинде утту. Ага карабай, англиялык футболчулар Европа лигасынын финалына чыга алган жок. Анткени, эки оюндун жыйынтыгы боюнча эсеп 2:2 жана “Атлетико” бөтөн майданда гол киргизгени артык болду.  

Мадридде болгон биринчи беттеште испаниялык футболчулар 1:0 эсебинде жеңген. Эми “Атлетико”  Европа лигасынын финалында  Англиянын “Фулхем” командасы менен таймашат.