Беларуста оппозициянын лидери президенттикке ат салышат

Оппозиционер Александр Милинкевич бүгүн билдиргенине караганда, ал келерки жылкы шайлоого катышат. Анын “За Свободу” партиясы - өлкөдө мыйзамдуу каттоодон өткөн жалгыз оппозициялык партия, бирок дайыма бийлик тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып келет. 10 млн.калкы бар Беларусту Александр Лукашенко 1994-жылдан бери башкарып келатат. 2006-жылкы акыркы шайлоодо анын жеңгенине нааразы болгон жүздөгөн адамдар камалышты. Лукашенконун бийлигин АКШ “Европадагы акыркы диктатура” деп атап келди.