АКШ баш прокурору: Шахзаддын максаты америкалыктарды өлтүрүү болгону анык

Нью-Йорктун “Times” аянтында автомобилде бомба жардыруу аракетине байланыштуу Пакистанда туулган америкалык камакка алынды. АКШ баш прокурору Эрик Холдердин сөзүнчө, Файсал Шахзад Нью-Йорктон Дубайга учканы жатканда кармалган жана анын “террорчулук аракети” тергелүүдө:

   

- Бул иш тергелүүдө жана  пайдалуу чалгындоо маалыматтарын чогултуунун аракетин кылуудабыз. Тергөө бир нече багытта жүрүүдө.  Бир нерсе анык: бул террордук аракеттин максаты - америкалыктарды өлтүрүү болгон.

 

АКШнын Федералдык чалгындоо бюросунун (FBI) маалымдашынча, Шахзад 1-майда "Times” аянтына бомба жүктөлгөн машинени айдап барды деген шектенүү менен кармалган.

 

Шахзадка ырасмий айыптоо бүгүн Манхэттендин федералдык сотунда жарыяланат.