Исландиядагы жанардын күлү айрым аба каттамдарын токтотту

Исландиянын түштүгүндөгү жанар тоонун күлү сапырылгандан улам Ирландия менен Британия аба мейкиндигин убактылуу жапты. Ирландиянын авиажетекчилиги аба мейкиндигин таңкы саат алтыда жапкан. Бирок жакында учактар үчүн мейкиндикти ачаарын билдирди.

Британ тарап Шотландиянын түндүк батышындагы Outer Hebrides аралынын үстүндөгү мейкиндикти 3-май күнү кечинде жапкан. Эми Түндүк Ирландиянын аба мейкиндигин жабаарын эскертти.

Өткөн айда Исландияда жанар тоо атып, анын күлү учактардын моторуна кирет деген коркунучтан улам Европанын көпчүлүк аба каттамдары алты күн иштеген эмес.