“Саякбай” аттуу баллада китебинин бет ачары өтөт

Бүгүн белгилүү коомдук, саясий ишмер Каныбек Иманалиевдин манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгына арналган “Саякбай” аттуу баллада китебинин бет ачары болот. Иш-чара И.Арабаев атындагы университетинде белгилүү маданий ишмерлердин, адабиятчылардын жана манасчылардын катышуусунда өтөт.

Бүгүн Саякбай Каралаевдин мүрзөсүнө куран окулгандан кийин, маданият ишмерлери тарабынан алп манасчынын өлгөн күнү - 7-майды мындан ары Манасчылар күнү катары белгилөө демилгеси көтөрүлөт. (EK)