Европанын айрым аймактарын кайрадан жанар тоодон чыккан чаң каптады

Исландиядагы вулкандын айынан Европанын аба мейкиндиги бир канча убакка жабык турган. Эми айрым аймактарды кайра чаң басып, Португалияда, Испанияда, Германияда жүздөгөн аба каттамдары токтотулду. Дагы бир катар өлкөлөрдө рейтер кийинкиге жылдырылды. Бүгүн каттамдар кайра жанданат деп күтүлүүдө.