Сербияда массалык кабыр табылды

Көрүстөнгө косоволук албандардын 250дөн ашуун сөөгү көмүлгөнү аныкталды. Алардын баары 90-жылдардын этегинде Косоводо тутанган жаңжалдын курмандыгы болушкан. Ишти азыр Сербиянын прокуратурасы менен Евросоюздун Косоводогу миссиясы биргелешип иликтеп жатат.