Жаңылыктар Дүйшөмбү Ирак үчүн кандуу күн болду 10-Май, 2010 Террордук балааматтардан өмүрү кыйылгандар соңку эсептерде 75 кишиге жетти. Хилла шаарында эле үч жерде жарылган бомбадан кырктай киши жайран болду. Кездеме фабрикасында дүрмөттөлгөн эки машина жарылды, үчүнчү бомбаны жанкечти жардырды.