12-май, Бишкек, ар кошкон митинг

Жогорку Кеңештин алдындагы аянтка чогулгандар алгач 7-апрелде окко учкандардын арбагына багышталып окулган Куранга бата кылышты.

Эски аянтка митингге чогулгандардын басымдуу бөлүгү Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жактоочулары болду. Алар Н. Түлеевди кайра кызматына коюну талап кылышты.

Акциянын айрым катышуучулары мурдагы президент Курманбек Бакиевди таап келүү жана жоопко тартуу талабын коюшту.

Митингде Убактылуу өкмөткө каршы ураандар да болду.

Митингичилер Убактылуу өкмөттү бийлик портфелдерин бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатат деп сынга алышты.

Анда чогулгандарды сабырдуулукка чакыргандар да болду.

Митингге баш-аягы үч миңдей адам катышканы айтылды.

Нааразылыкка чыккандардын катары түштөн кийин суюла баштады.

Кечки саат алтыга чукул парламенттин жанында эски аянтта Социал-демократтар партиясынын төрагасы, убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев баштаган эки миңден ашуун адам чогулду.

Анда А. Атамбаев чыгып сүйлөп өлкөнү ыдыраткысы келген топтордун максаты ишке ашпайт деп билдирди.

Атамбаевдин жактоочулары алардын мурда эски аянтка чогулуп убактылуу өкмөткө каршы сүйлөгөндөрдү чагымчылар деп айыпташты.