Б.Орунбеков “Кыргыз Туусуна” башкы редактор болуп дайындалды

Бакыт Орунбеков Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин журналистика факультетин бүтүргөн. Буга чейин Жалал-Абад облусунда “Акыйкат”, “Фергана” гезиттеринин башкы редактору, КДКнын “Майдан” гезиттеринин башкы редактору, “Азаттык” үн алгысынын кабарчысы, 2005-2006-жылы “Кыргыз туусунда” башкы редактор, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде ага окутуучу болуп иштеген.
“Кыргыз туусу” гезитин буга чейин жетектеп келген Кыяз Молдокасымов тарых илимдеринин кандидаты, “Азаттык” үн алгысынын Бишкек бюросунун жетекчиси, УТРКнын президенти болуп иштеген. (AJ)