Ош обладминистрациясы бошотулду

Бул тууралуу Ош облусундагы “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Анын айтымында, түндө саат он экилерде Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков обладминистрацияны басып алышкан Бакиевдин 500гө чукул тарапкерлери менен көзмө-көз жолугушуп, Кыргызстандагы кырдаалды түшүндүрүп, сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин алар администрациянын имаратынан чыгып кетишти.
Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков учурда өз милдетин аткарууда, деп билдирди кабарчыбыз. (AJ)