Кадамжайда жыйырма чакты киши пикет уюштурууда

Ушул тапта Баткен облусунун Кадамжай райондук администрациясынын алдында парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиевдин тарапкерлери пикет уюштурушууда. Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кабарлагандай, алар соңку баш-аламандыктарга тиешеси бар деген шек менен камакка алынган И.Масалиевди бошотууну талап кылышууда.

Эскерте кетсек, И.Масалиев 14-майда камакка алынган. Ал - өлкөдөгү соңку баш-аламандыктарды уюштурууга катышы бар делип шектелүүдө. Буга чейин анын “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков менен соңку окуялар боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү маалымат каражаттарында чыгып кеткен болчу. (IJz)