Жаңылыктар Кабулда бомба жарылды 18-Май, 2010 Жанкечти жасаган кыянаттан 20 киши мерт кетти, 50 жакын адам жарадар болду. Набыт болгондор арасында НАТОнун жоокерлери да бар, алардын саны ар кайсы булактарда бештен жетиге жетет деп айтылат. Кыянат үчүн жоопкерчиликти "Талибан" өзүнө алды.