Жаңылыктар Афина өкмөтү биринчи финансылык жардам алды 18-Май, 2010 Бүгүн Грецияга 14,5 миллиард евро которулганын еврокомиссар Олли Рен бышыктады. Евросоюз менен Эл аралык валюта фондусу грек өкмөтүнө жалпы эсепте 110 миллиард евро насыя бергенге макул болгон. Бул жөнүндө келишимге Афинада кол коюлган.