Ооганстанда советтик армиядан калган бомбадан беш киши каза тапты

Ички иштер министрлиги түндүк-чыгыштагы Каписа дубанындагы Кум-е-Заргар аймагында бомба жарылганда курман болгондор карапайым адамдар экендигин бышыктады. Алар өз чарбасында жер казып жатканда бомба жарылган.