Жалал-Абад облусунда кырдаал тынч

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынанан билдиришти.Маалыматка караганда, кечээ Жалал-Абад шаарында 22 адам административдик жазага тартылды.

Буга чейин Жалал-Абад облусунда эки миңден ашуун адам нааразылык акциясын өткөрүп, 19-майда Убактылуу өкмөт Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна 2010-жылдын 1-июнуна чейин өзгөчө абал киргизүү тууралуу Декрет кабыл алган болчу. (AJ)