Испания да Грекиянын артынан бюджетин "жамоодо"

Испания парламенти өлкөнүн бюджеттик тартыштыгын бүтөө үчүн 15 миллиард евролук (18,4 млрд доллар) шашылыш планды бекитти. Социалисттик өкмөттүн планына ылайык, бюджеттик мекемелердеги айлык маяналар 5 процентке кыскартылат жана коомдук секторду инвестициялоо азайтылат. Катаал план боюнча 2011-жылы бюджеттин дефицити 6 процентке түшүрүлүүгө тийиш. Азыр дефицит Испаниянын ички дүң жыйымынын 11 процентине барабар жана эмгекке жарамдуу элдин 20 проценттен көбү жумушсуз.

Эксперттер Испанияда да Грекиядагыдай финансылык кризис чыгып кетет деп кооптонушат.