“Кыргызстан эли эркиндикти тандады: 7-апрелдин 7 суроосу” жыйнагы чыгат

Жыйнак кыргыз жана орус тилдеринде жети миң нускада чыгат. Китептен түшкөн каражат 7-апрелде жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү фондуна которулат. Китеп апрель окуяларында набыт кеткен замандаштардын жаркын элесине арналды. Долбоор авторлору жыйнак өз кезегинде убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө да коомдун ар кыл катмарындагы адамдардын ой-мүдөөлөрн билүүгө көмөктөшөт деген ойдо. (EK)