Жалал-Абаддагы тополоңдон ажал тапкандардын саны төрт кишиге жетти

Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 27-майда Сузак райондук ооруканасында жаткан Халидилло Кушпаков көз жумду. Жалал-Абадда 19-майда болгон тополондо анын башына ок тийип, ошондон бери ал аталган ооруканада эс-учун билбей жаткан.

Ошол тополоңдо ок тийип, Сузак ооруканасынан Бишкекке алынып келинген беш жашар кыз учурда Улуттук госпиталда дарыланууда, анын абалы жакшы. 19-майдагы кагылыштан улам ооруканага кайрылгандардын ичинен Жалал-Абад облустук ооруканасында ушу күндө бир жана Сузак райондук ооруканасында эки адам жатат. Башкалары айыгып, үйлөрүнө чыгып кетишти. Ошондогу баш аламандыкта облустагы бейтапканаларга жалпысынан 86 киши кайрылган. (YA)